Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

          SOS Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексинин курулушу 2002-жылы Эл аралык  SOS Балдар айылдары кайрымдуулук фондунун колдоосу менен ишке ашырылган. Герман Гмайнер XX кылымдын улуу гуманисти, SOS-KINDERDORF INTERNATIONAL кыймылынын негиздөөчүсү  жана жетим  балдарды тарбиялоонун гумандуу моделинин автору болуп эсептелинет. Бул  модель 4 принципке негизделген: Апа, Бир туугандар, Үй бүлөө, Балдар айылы. 2006-жылдан баштап коомчулуктан контрактык негизде окуучулар кабыл алына баштаган. Бул кадам “SOS Балдар айылынын” тарбиялануучуларын жана дегеле бардык окуучуларды социалдаштырууга, келечектеги жашоого керектүү компетенттүүлүккө ээ болууга  мүмкүнчүлүк берет. ОТКнын өзгөчөлүгү Кыргызстандагы  ата-энелердин жана австриялык донорлордун жардамы менен жабдылган күчтүү, уникалдуу материалдык-техникалык базасы бар немец тилин тереңдетип окуткан, кыргыз тилиндеги жеке менчик мектеп. Окуу-тарбия иштерин күчтүү жогорку квалификациялуу педагогдор жана кызматкерлер ишке ашырат. Уставка ылайык SOS Герман Гмайнер окуу-тарбия комплекси мектепке чейинки, башталгыч, негизги, орто билим берген мекеме болгондуктан, эң жогорку органы уюштуруучулардын жалпы чогулушу болуп эсептелинет.

Окуу-тарбия комплексинин миссиясы

Жашоо шарты,  ден соолугу,  окуу мүмкүнчүлүгү ар кандай болгон окуучуларга сапаттуу билим берген, кайрымдуу, боорукер, мекенчил инсанды тарбиялаган социалдык  мектеп. Анын ичинде инклюзивдик билим берүү багыты каралган.

Эмблема

Биз жөнүндө

ОТКнын гимни:

сөзү: Каримова Ж.А. обону: Ерматова Г.Е.

Биз жөнүндө