Жарандык коргонуу күнү
2021-жылдын 16-апрелинде саат 10:00дө Октябрь райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Султанов Улан Талантбекович, Кабылбеков Мырзабек Кабылбековичтин катышуусу менен Жарандык коргонуу боюнча иш чара өткөрүлдү. Бул иш чарага ОТКнын бардык кызматкерлери жана I кезметте окуган окуучулар катышышты. Алгач эвакуация иши өткөрүлдү, алардын бардыгы 2 минутада чыгууга үлгүрүштү. Эвакуация учурунда ар бир кызмат:
- кабарлоо пункту;
- кабарлоо байланышы;
- медициналык кызмат;
- чалгындоо;
- биринчи жардам көрсөтүү — өз иштерин так аткарышты.
Мектептин алдына чогулушуп бардык кызматкерлердин жана окуучулардын аман-эсен чыккандыгын, жоготуу жок экендигин мектептин мүдүрүнө маалымдашты. Андан соң окуучулар өздөрүнүн суроолору менен Өзгөчө кырдаалдын кызматкерлерине кайрылышты. Бардык суроолорго так жооп ала алышты. Дагы бир жолу кырсыкты алдын ала болтурбоо үчүн инструктаж өткөрүлдү.
Комментарии